Атамбаев: мен Жээнбековдорго моюн сунбайм! - Т-медиа

Атамбаев: мен Жээнбековдорго моюн сунбайм!

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мындай билдирүүсүн КСДПнын маалымат кызматынын жетекчиси Кундуз Жолдубаев фейсбуктагы баракчасына жазды. Атамбаев мыйзам алдында таза экенин жана бийлик ага жалган жалаа жаап жатканын билдирген. 

Экс-президенттин айтымында, Жогорку Кеңештин  койгон айыптоолору жеткен сандырактык, алардын укуктук негизи жок, ойдон чыгарылган имиштерге гана таянган жана учурдагы президенттин саясый атаандашты чететтүүгө болгон умтулуусунан гана келип чыккан.

«-Сооронбай Жээнбеков менин оозумду жабуу үчүн ойдон чыгарылган айыптоолор боюнча мыйзамсыз соттоодон башка ыкма таппай турат. Бул максатта бир жылдан ашуун эң эле ыплас ыкмалар, жеткен ыплас саясатчылар, ыплас ушактар пайдаланылып жатат. Бийлик тарабынан мени каралоо үчүн пайдаланылып жаткан депутаттардын кебете-кешпирин кыргыз эли көрдү, өз баасын берди. Алардын Жээнбековдордун үй-бүлөсүнө жагалданып, коркоктук менен шаша-буша Конституцияны бузгандары, башка мыйзамдарды тоготпогондору, документтерди жашырышканы, парламенттин трибунасынан уялбай туруп калп айтышканы, чындык менин тарабымда экендигин мындан да кашкайта далилдеп турат,»-деп билдирген экс-президент.

Атамбаев кошумчалагандай, ал жанындагы адамдардан абдан адашкан. Президент кезинде Жээнбековдор баш болгон кошоматчылар бүгүн ашынган душман менен сынчыга айланып чыга келишти. Өзүн коргоп жаткандардын көпчүлүгү болсо кезинде кызматы жок же бийликте турган кезинде кордук көрүшкөн. 

«-Мен эч качан жоопкерчиликтен корккон эмесмин жана президент кызматымдагы ар бир чечимим үчүн жооп берүүгө даярмын. Бирок мага Жээнбековдор тарабынан таңууланып жаткан, күнөөкөрдүн ролуна, калп менен ушактарга эч качан макул болбойм. Койго окшоп мойнумду тосуп бербейм. Булар элди көпкө алдай албайт, өзүлөрүнүн ыплас ушактарны да мага оодара албайт. Жээнбековдордун, алардын кошоматчыларынын бирин да эч ким «автомат такап» өкмөттү, парламентти, комитеттерди башкарууга, укуктук-ченемдик актыларга кол койгонго мажбурлабаганын адамдар көрүп, билип турат. Чындык жана мыйзам мен тарапта! Мага намыс – өмүрдөн кымбат!,-деп билдирген А.Атамбаев.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш кечээ, 21-июнда А.Атамбаевдин экс-президент деген макамын алуу үчүн токтом долбоорун кабыл алган. Ага добуш берүүгө катышкан 105 депутаттын 100ү макул, 5 депутат каршы добуш берген. Андан соң токтом долбоору башкы прокуратурга жиберилди.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо