Айгүл Наватованын ордуна жаңы жетекчи дайындалды - Т-медиа

Айгүл Наватованын ордуна жаңы жетекчи дайындалды

Ош шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу башкармалыгынын жетекчиси Айгүл Наватова кызматтан кетти.

Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы Азамат Абсаттаров билдирүү таратты. Анда жазылгандай, Айгүл Наватова өз арызынын негизинде кызматтан алынган.

Анын ордуна  көрктөндүрүү жана жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын директору болуп Данияр Токторбаев дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кол койгон. Данияр Токторбаев буга чейин аталган ишканада директордун орун басары болуп иштеген.

Бүгүн жаңы жетекчи ишкана жамаатына тааныштырылды. Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинатынды жалпы 315 кызматкер эмгектенет.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо