Мектептерге дин сабагы кантип киргизилиши керек?
Кыргызстанда дин маданиятынын тарыхы сабагы 2016-жылы 10 мектепте пилоттук негизде киргизилген. Учурда 56 мектепте пилоттук негизде окутулуп жатат. Бирок бул дин маданиятынын тарыхы китебинин мазмунунда бир канча мүчүлүштүктөр болгондуктан үчүнчү жолу басууга берилип жатат.
Мектептерде дин сабагы кандай окутулушу керек?
Кыргызстан светтик мамлекет болгондуктан мектептерде диний билим берүү эмес, дин жөнүндө билим берүү болушу керек деген негизде дин маданиятынын тарыхы сабагы окутулат.

Дин таануу сабагын окутууда биринчи дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу керек. Ошол эле дүйнөлүк тажырыйбаны карап көрөлү. Өнүккөн Батыш Европа мамлекеттерин, тактап айтканда АКШ, Германия жана Англияны мисалга алып карай турган болсок, өлкөдө дин туткан жарандардын саны эске алынып, анан окутулат.

Кыргызстанды да мисалга алсак, өлкөдө расмий маалыматтар боюнча 80 пайызы ислам динин карманган мусулмандар болуп эсептелинет. Демек ислам дини тууралуу көбүрөөк маалымат берилип, окутулушу керек. Бул стандарт турмуштук зарылчылыгыбызга жооп бериши керек. Бул сабактын эң негизги максаты өлкөдөгү дин туткан жарандар менен дин тутпаган жарандардын ортосундагы түшүнбөстүктү жоюу болуп эсептелиши керек. Ошол эле учурда жергиликтүү тургундардын тутунган диний муктаждыктарына жана улуттук баалуулуктарды эске алуу кажет.

Дин маданиятынын тарыхы сабагы - улуттук баалуулуктар менен диний баалуулуктарды карама-каршы койгон учурлардын алдын алууга тийиш. Демократиялык өлкөдө диний толлерантуулукту камсыз кылуу үчүн дин таануу сабагы мектерде окутулуусу керек. Диний эксперттердин айтымында, учурда дин маданиятынын сабагы коомчулук күткөндөгүдөй даражага жеткен эмес. Кыргызстанда дин маданиятынын тарыхы сабагына чейин окутулган дин таануу сабактарын эске салып өтөлү. Эгемендүүлүктү алгандан бери 1991-жылы ыйман деген аталышта мектептерге сабак кирген. Ыйман деген сөз ислам дининден алынган деген жүйөө менен кээ бир адамдар сындаган.
" Мектептерде сабак диний билим берүү эмес, дин жөнүндө билим берүү болуш керек деген негизде дин маданиятынын тарыхы деген сабак берилип жатат. Мектептерде дин сабагын окутуу, диний билим берүү эмес, дин жөнүндө гана сабак берүү максаттуу боло алат. Бул туура. Анткени демократиялуу өлкөдө диний толеранттуулукту камсыз кылууда биз мектептерге дин сабагын киргизишибиз керек. Диний билим берүүнү эмес. Бүгүнкү күндө дин маданиятынын тарыхы деген сабак 56 мектептерде пилоттук негизде окутулуп жатат. Бул сабакты өлкөнүн бардык мектептерине жайылтуу учун экономикалык тартыштык жана сабакты окуткан окутуучулар маселеси турат. Чындыгында бул жаатта мамлекеттин туура алып барып жаткан аракеттери, тиешелүү мекемелердин жана эсперттердин колдоосуна муктаж. Сабактын дин маданиятынын тарыхы деп аталышына карата да ар кандай кабылдоолор бар. Дин таануу бүгүнкү күндө өзүнчө илим болуп саналат.
Дин таануу бүгүнкү күндө өзүнчө илим болуп эсептелет. КРде атайын дин таануу жана теология бөлүмдөрү иш алып барып, анын негизинде 1993-жылдан бери студенттер билим алып келе жатышат. Бул жерде негизги көйгөй дин сабагын ким окутат дегенде турат. Бул маслелде биз чындыгында идеологиялык аспектилерден чыга албай жатабыз. Дин маданиятынын тарыхы деген аталышынан улам да адамдар ортосунда түшүнбөстүктөр көп болуп жатат. Себеби, сын пикир менен карагандар бул жерде тарыхы эле болуп калып жатат деп айтып жатышат. Туура, мектепте тарых сабагынын да өзүнүн бир максаты, милдети, калыптандыруучу көндүмдөрү бар. Ошол эле мезгилде дин таануу деген өзүнчө илим өзүнчө бир предмет, дициплина бар. Дин таануу сабагы баланын дин жөнүндө сабаттуулугун ачууга багытталса гана максатына жетет.
Сайфулла Базаркулов
Ош МУнун "Арашан" теологиялык факультетинин деканы
Бул сабак 2003-жылга чейин мугалимдердин салымы менен окутулган. Ошол эле жылы "ыйман сабагы" 1-класстан 11-класска чейин сыноо иретинде окутула баштаган. Ыйман деген сөз ислам терминологиясынан келген келишпестиктер жаралып жатат деген жүйө менен кайрадан 2004-жылы ыйман Билим берүү министрлигинин коллегиялык чечими менен "Адеп" сабагы деп өзгөртүлгөн. Мунун максаты улуттук баалуулуктарды келечек муунга жеткирүү болгон. 2008-жылдагы Кыргызстандын диний уюмдар жана дин тутуу эркиндиги жөнүндөгү мыйзамынын 5-пунктунда 8-беренесинде Кыргызстандын билим берүү мыйзамдарына каршы келбесе, дин таануу жаатындагы сабактарды окуу жайларга киргизүүгө болот деп юридикалык мүмкүнчүлүк берилген.