Ислам дининдеги мазхабтар
Ислам дининде мазхабтар фикхий (амал) жана итикадий (ишеним) деген агымдар боюнча экиге бөлүнөт. Бул агымдар пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в) дүйнөдөн кайткандан кийин пайда болгон.
Мазхаб деген сөздүн сөздүк мааниси араб тилинде кетүү, бара турган жер жана жол маанилерин түшүндүрөт.

Мазхабдардын келип чыгуу тарыхы
Мухаммед (с.а.в) пайгамбар дүйнөдөн кайткандан кийин мусулмандар ортосунда ар кандай диний укуктук маселелер пайда боло баштаган. Мына ушул көз караштар мазхабташуу процессинин башталышына себеп болду.

Ошол кездеги мусулмандардын көпчүлүк бөлүгү коомдук түзүлүштү сактап калууга аракет кылган. Бул инсандар "ахли сүннөт ва-л жамаат" деп аталган. Тарыхтын бардык доорлорунда "ахли сүннөт ва-л жамаат" мусулмандардын көпчүлүк бөлүгүн түзүп келе жатат.

"Ахли сүннөт ва-л жамаат" деп Мухаммед (с.а.в)дын жана сахабалардын принциптерин жана алардын жолун жолдогондор болуп эсептелет. Анын ичинде төрт белгилүү укуктук мазхаб бар. Алар төмөндөгүлөр:
Мазхабдар негизинен географиялык алкактарга жараша да айырмаланат
Ханафий мазхабы:
Тарыхтагы белгилүү дин аалымы Абу Ханифанын атына негизделген. Учурда бул мазхабты дүйнө жүзүндөгү мусулмандардын 69 пайызы карманышат. Азыркы учурда Борбордук Азия, Татарстан, Индия, Пакистан, Афганистан, Түркия жана башка жерлерде Ханафий мазхабы кеңири таралган.
Шафий мазхабы:
Бул ханафий мазхабынан кийинки эле кеңири тараган мазхаб болуп эсептелет. Бул агымдын негиздөөчүсү, имам Мухаммад аш-Шафи Палестинанын Газа шаарында туулган. Бул агымдын негизги өзгөчөлүгү исламдын ырым-жырымы өзгөчө намазга тиешелүү маселелерге көбүрөөк басым жасалат
Аны тутунуучулар, Жакынкы Чыгышта, Түндүк Африканын Египет жана Суданда, Индонезияда, Малазияда, Филиппинде, Таиландда, Орусиянын аймагындагы Дагестан, Ингушетиян жана Чеченстанда карманышат.
Ханбалий мазхабы:
Негиздөөчүсү, имам Ахмад ибн Ханбал. Мусулман ылакаптары – хадистер боюнча, бирден-бир, эң белгилүү адис болуп саналат. Имам ибн Ханбал, башкалардан айырмаланып, өзүнүн укуктук окуусун кагазга түшүргөн эмес. Анын окуучулары жана жолун жолдоочулар, ханбалий мазхабынын усулдарын өнүктүрүшкөн. Ал негизинен Сауд Арабиясында жана Перс булуңунун кээ бир өлкөлөрүндө (тагыраагы Катар, Кувейтте) таралган.

Тарыхтагы белгилүү дин аалымы Абу Ханифанын атына негизделген. Учурда бул мазхабты дүйнө жүзүндөгү мусулмандардын 69 пайызы карманышат. Азыркы учурда Борбордук Азия, Татарстан, Индия, Пакистан, Афганистан, Түркия жана башка жерлерде Ханафий мазхабы кеңири таралган.
Маликий мазхабы:
Бул мазхаб Мединалык имам Малик ибн Анас тарабынан негизделген. Маликий мазхабына ылайык, Курандын текстеринде жана пайгамбардын сүннөтүндө түз тыюу салынбаган нерселердин баардыгы арам деп эсептелбейт. Намазды окуу техникаларынан айырмачылыктар бар. Мисалы, маликийлер дуба окуп жатканда, колду байлабастан, колду түшүрүп окушат.


Перс булуңунда жайгашкан өлкөлөрдө жана Түндүк Африкада таралган.