Алайда 29 жаштагы аскер кызматкери өз жанын кыйды - Т-медиа

Алайда 29 жаштагы аскер кызматкери өз жанын кыйды

30-июндан 1-июлга караган түнү Алай районунун Гүлчө айылынын 29 жаштагы тургуну өз жанына кол салган. Ал өзү жашаган үйдө жипке асынып каза болгон. Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.

Териштирүү учурунда маркум Гүлчө айылында жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн биринде контрактык негизде кызмат өтөп жаткандыгы аныкталган.

Ошондой эле маркумга карата Ош горнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-Жаза Кодексинин 201-беренесине ылайык сотко чейинки иш алып барына баштаганы маалым болгон.

Учурда Б уулу Г-нын жансыз денесине соттук- медициналык экспертиза дайындалды. Анын өзүн-өзү асып каза болгон фактысынын жагдайларын жана себептерин аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө-деп берилет маалыматта.

Учурда бул окуя Алай РИИБнин Кылмыштарды жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-Жаза Кодексинин 136-беренесине ылайык сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо