Президент иш сапары менен Швейцарияга барат - Т-медиа

Президент иш сапары менен Швейцарияга барат

“Сооронбай Жээнбеков Швейцариянын Президенти Ули Маурердин чакыруусу боюнча 9-11-июль күндөрү иш сапары менен Швейцарияда болот.

Бул тууралуу Президентин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Ал белгилегендей,  Жээнбеков расмий иш сапарынын жүрүшүндө Швейцариянын Президенти Ули Маурер, Швейцариянын Федералдык жыйынынын Улуттук кеңешинин Төрагасы Марина Кароббио Гушетти жана Швейцариянын Улуттук банкынын Төрагасы Томас Йордан менен жолугушат.

«Соода-экономикалык, банк чөйрөлөрүнө, Кыргызстандын экономикасынын перспективдүү секторлоруна инвестиция тартууга, банк чөйрөсүндөгү кызматташууну өнүктүрүүгө жана парламенттик демократияны курууга басым жасоо менен эки тараптуу кыргыз-швейцариялык мамилелерди илгерилетүү маселелерин талкуулоо пландалууда», — деп баса белгиледи Сыдыков.

Ошондой эле ал экономика, финансы, туризм, региондорду таза суу менен камсыз кылуу жана башка чөйрөлөрдөгү документтерге кол коюу күтүлүп жатканын белгиледи.

Мындан тышкары, Сооронбай Жээнбековдун Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушуусу болот, ага Кыргызстандан барган ишкерлер катышат.

Иш сапардын жыйынтыгы эки тараптуу мамилелердеги саясий диалогдун жогорку деңгээлине жана өз ара кызыкчылык туудурган ар кыл чөйрөлөрдө кызматташууну иш жүзүнө ашырууга кошумча түрткү берери күтүлүүдө.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо