Өлкө түштүгүндө жер титиреди - Т-медиа

Өлкө түштүгүндө жер титиреди

Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында очогунда күчү төрт баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. 

Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, 9-июлга караган түнү саат 01:51де Ош облусунун Өзгөн районунда жана Жалал-Абаддын Көк-Жаңгак шаары менен Сузак районунун аймагында жер силкинген.

ӨКМнин маалыматы боюнча жер титирөөдөн эч ким жабыркаган жок.

Эскерте кетсек, Ош облусунда 30-июнда акыркы жолу жер силкинген. Ал эми Жалал-Абад облусунда жер титирөө 26-июнда  катталган.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо