Бүгүн зыяратчылардын биринчи тобу Мединага учушат - Т-медиа

Бүгүн зыяратчылардын биринчи тобу Мединага учушат

Бүгүн, кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Бишкек-Медина каттамы менен «Манас» 2 эл аралык аэропортунан Медина шаарына учуп кетишет. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, 392 зыяратчы менен 8 ажы башчы бүгүн түнү биринчилерден болуп учат. Учакка каттоо «Манас −2» терминалында түнкү саат 1:00де башталат.

Жалпысынан Бишкек менен Оштон 18 каттам уюштурулган. Алгачкы алты каттам Бишкектен 400 зыяратчы менен учат. Калгандары Ош шаарынан 300дөй зыяратчы менен жолго чыгышат. Акыркы топ 1-августта Жиддага жөнөйт.

Белгилей кетсек, быйылкы жылы Сауд Аравия Падышачылыгы Кыргызстанга 6010 квота бөлгөн.

 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо