Футбол: Дүйнөлүк чемпионатка тандоо турунда Кыргызстан кайсы командалар менен ойноору маалым болду - Т-медиа

Футбол: Дүйнөлүк чемпионатка тандоо турунда Кыргызстан кайсы командалар менен ойноору маалым болду

2022-жылы Катарда боло турган футбол боюнча дүйнө чемпионатында чучукулак тартылды.

Ага ылайык Кыргызстан курама командасы алгачкы тайпалык бөлүктө Мьянма, Монголия, Тажикстан жана Жапон курамалары менен беттешээри маалым болду.

Дүйнө чемпионатына чучукулак бүгүн Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында болду. Анда кыргыз курамасы «F» тайпасына туш келди. Ага ылайык Ак шумкарлар алгачкы оюнун 5-сентябрда Мьянмага каршы өткөрөт. Ал эми өз талаасындагы биринчи беттешин коңшу Тажикстан курамасы менен өткөрмөкчү.

Чучукулак тартууда командалар жалпы 8 тайпага бөлүнүп, ар бир тайпада бештен команда болууда.

Өз тайпасында биринчи орунду алган 8 команда тандоо турунун кийинки баскычына өтөт. Бирок жакшы натыйжага ээ болгон 2-орундагы 4 командага да кийинки баскычта ойноого мүмкүнчүлук берилет.

Мына ушундай натыйжага жетишкен курамалар кийинки Азия Кубогуна түз жолдонмо алат. Ал эми дүйнө биринчилигине жолдонмо алуу үчүн командалар дагы тайпаларга бөлүнүп оюн алып барышат.

Футбол боюнча дүйнө биринчилигине жалпысы болуп Азия континентинен 4 команда тандалып барат. Келерки дүйнө чемпионаты 2022-жылы Катар мамлекетинде болот.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо