Кыргызстанда эркектер менен аялдардын саны канчага теңелди? Инфографика - Т-медиа

Кыргызстанда эркектер менен аялдардын саны канчага теңелди? Инфографика

Ушул тапта Кыргызстандын калкынын саны 6 миллион 400 миң адамдын тегерегин түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Статкомдун жыл башындагы эсеп боюнча жарыялаган маалыматына ылайык, 4 миллион 216 миң адам айыл калкына туура келсе, 2 миллион 174 миң адам шаар калкынын үлүшүн түзөт.

Ал эми эркектер менен аялдардын санынын көрсөткүчү төмөндөгүчө: 

Каттоонун маалыматтары боюнча 1999- жана 2009-жылдары 1000 эркекке 1026 – 1027 аял туура келген. Ал эми 2019-жылы эркектер менен аялдардын саны салыштырмалуу теңелүүгө жакындаган.

Шаар жерлеринде эркектерге караганда аялдардын үлүшү жогору жана 52,4% түзөт. Ал эми айыл жерлеринде эркектердин бир аз 50,7%га басымдуулугу белгиленет.
Кыргызстанда аялдар менен эркектердин жашоо курагы канча жана алар калктын канча пайызын түзөт? Маалыматтар төмөнкү инфографикада камтылган.

Кыргызстанда калктын саны 2018-жылдын 1-январында 6 миллион 256,7 миң, 2017-жылдын 1-январында 6 миллион 140,2 миң, 2016-жылдын 1-январында 6 миллион 19,5 миң деп эсептелген.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо