Баткен: Тажик тарап Ош-Исфана унаа жолун жапты - Т-медиа

Баткен: Тажик тарап Ош-Исфана унаа жолун жапты

Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди. Анын айтымында жолду тажик чек арачылары белгисиз себептер менен жапкан.

Бүгүн 23-июль күнү  саат 13:25 чамасында  Ош-Исфана унаа жолунун 272-чакырымы (Жака өрүк участкасы) Тажик Республикасынын чек ара кызматкерлери тарабынан жабылды. Бул Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Орто-Боз айылындагы Лейлек жана Сүлүктү тарапка барчу жалгыз жол болуп эсептелет.

Жолдун жабылганын Баткен облустук администрациясынан дагы тастыкташты. Мекеменин маалымат катчысы Чолпон Бердикулованын айтымында, акыркы чек арадагы жаралган кырдаал боюнча обулус жетекчилиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын ырастады.

Чек арада жанжал чыгары менен өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров менен Тажикстандын Согди облусунун губернатору Раджоббой Ахмодзода сүйлөшкөн. Бүгүн дагы эрте менен эки облус жетекчиси жолугуп сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Чыр чатакты жөнгө салуу боюнча биргеликте иш алып барууну макулдашышты,-деди Бердикулова.

Ал кошумчалагандай, учурда өкмөттүн өкүлү А.Мадумаров тажик тарап тарабынан жабылган Орто-Боз айылындагы жолду ачуу үчүн жеринде сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат.

Коомдук абалды милиция кызматкерлери көзөмөлдөшүүдө.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо