Кыргызстанда эркектерге салыштырганда канча жаштагы аялдар көбүрөөк? Инфографика - Т-медиа

Кыргызстанда эркектерге салыштырганда канча жаштагы аялдар көбүрөөк? Инфографика

Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча  Кыргызстандын калкынын саны бүгүнкү күндө 6 миллион 400 миң адамдын тегерегин түзөт. 

Статкомдун жыл башындагы эсеп боюнча жарыялаган маалыматына ылайык, 4 миллион 216 миң адам айыл калкына туура келсе, 2 миллион 174 миң адам шаар калкынын үлүшүн түзөт.

Калктын санын аймактарга бөлүп караганда:

 

Маалыматка караганда, калктын 34 %ын балдар менен өспүрүмдөр түзсө, 58 %га жакынын эмгекке жарамдуу курактагылар жана 8 %га жакынын эмгекке жарамдуу жаштан улуу курактагылар түзгөн.

Эркектер менен аялдардын санын курагына салыштырып эсептегенде: 

Эми репродуктивдүү курактагы аялдар менен эркектердин санын салыштыралы: 

Каттоонун маалыматтары боюнча 1999- жана 2009-жылдары 1000 эркекке 1026 – 1027 аял туура келген. Ал эми 2019-жылы эркектер менен аялдардын саны салыштырмалуу теңелүүгө жакындаган.

Кыргызстанда эки же андан көп аял алууну мыйзамдаштыруу демилгеси бир нече жолу көтөрүлгөн. Эгер ал колдоо тапса, өлкөдөгү эркектердин 2%ына гана экинчи аял алууга кыздар жетмек. Анда да экинчиликке репродуктивдүү курактагы аялдар эмес, 50-60 жаштагы аялдар туура келмек.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо