Муфтият Курман айт күнүн жарыялады - Т-медиа

Муфтият Курман айт күнүн жарыялады

Быйыл өлкөдө Курман айт майрамы 11-августта белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы расмий сайтында кабарлады. 

Муфтияттын билдиришинче, 2-август  Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан кыргызстандыктар улуу Курман айт майрамын 11-августта белгилешет.

Ал эми 10-август арапа күнү болуп, ажылык милдеттерин өтөп жүрүшкөн мекендештерибиз бул күнү ыйык Мекке шаарындагы Арафат өрөөндө  болушмакчы.

Курман айт мусулман коомчулугунун ири майрамы болуп саналат. Кыргызстанда калктын 80 пайыздан көбүн мусулмандар түзөт.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо