Кыргызстандык балбан кыз дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды - Т-медиа

Кыргызстандык балбан кыз дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды

Кыргызстандык балбан Калмира Билимбек кызы Болгарияда өтүп жаткан өспүрүмдөр арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш байгеге ээ болду. Бул тууралуу Бириккен күрөш уюмунун (UWW) расмий сайты билдирди.

Маалыматка ылайык, балбан кыз 53 килограмм салмакта күч сынашып, жалпысынан беш кармаш өткөргөн.

Калмира финалда кытайлык Жоажинг Ши менен беттешип, 0:4 эсебинде жеңилип калган.

Натыйжада күмүш медалга ээ болгон.

Эске салсак, өспүрүмдөр арасында күрөш боюнча дүйнө биринчилиги 29-июлда Болгариянын София шаарында башталган. 4-августка чейин өтчү чемпионатта Кыргызстандын намысын жалпысынан 25 балбан коргойт. Алардын сегизи кыздар. Спортчулардын аталган мелдешке катышып келүүсү үчүн Олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекциясынан 1 миллион 352 миң сом бөлүнгөн.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо