Сууга түшүүдөгү алтын эрежелер
Жай мезгили – эс алуу үчүн эң сонун учур. Өзүнүз үчүн, ден соолугунунуз үчүн сууга түшүү жакшы маанай тартуулайт, андыктан жакшы сүзүүнү өздөштүрүп, сууда жүрүү эрежелерин жетишээрлик билишиниз керек.


Сууга түшүүнүн пайдасы
Сууга түшүү булчуңдун активдүүлүгүн (сууда сүзүү, кыймылдоо жана ойноо) талап кылып, бардык организмге, айрыкча кыймылдоо жана таяныч органдар системасына жагымдуу таасир тийгизет. Ачык көлмөгө түшүү учурунда суунун таасиринен тышкары аба, күн нуру жана башкалар таасир этет. Туздуу сууга (деңизге, минералдуу көлдөргө, минералдуу бассейндерге) түшүүдө суудагы эриген туздардын химиялык таасири тиет. Сууга түшүү жалпысынан денени чыңдайт, кан жана лимфа айланууну, нерв, булчуң системасынын ишин, дем алуу, жылуулукту жөнгө салууну жакшыртат.
Сууга түшүүнүн эрежелери
1
Сууга түшүүнү баштоодон мурда 3—5 күн суу менен сууга чөмүлүү сыяктуу даярдануу процедураларын жүргүзүү сунуш кылынат. Жүрөк-кан тамырлары жана дем алуу системалары ооруган учурда ошондой эле кош бойлуулуктун 2-жарымында ачык көлмөлөргө түшүүгө болбойт.
2
Табигый көлмөлөргө түшүү үчүн абанын температурасы 20—22° Сден, суунуку 20—18° Сден кем болбоо керек. Дайыма сууга түшүп көнгөн адамдар суук түшкөнгө чейин сууга түшсө болот. Күнүнө бир жолу эртең менен (эртең мененки тамакка чейин же андан 1—1,5 сааттан кийин) же түшкү тамактан 2—3 сааттан кийин сууга түшүү сунуш кылынат.
3
Дени сак жана машыккан адамдар күнүнө 2—3 жолу 3—4 саатта бир түшсө болот. Ден соолугу начарларга ач карын, чарчаган абалда, тамак жегенден кийин бир саат өтпөй, оор күч жана акыл эмгегинен кийин дароо, күнгө кактануудан соң сууга түшүүгө болбойт. Сууга түшөрдө 15—20 мүнөт эс алып, адегенде бетти жана төштү суулап, сууга акырындык менен кирүү керек.
4
Эсиниздерде болсун:

— сууга уруксаат кылынган жайда гана чоңдордун көзөмөлүндө түшүү керек;

— тааныш эмес, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга тыюу салынат;

— кайыктын, катамарандын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;



5
— күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүгө болбойт;

— үйлөмө матрацтарда, жаздыкчаларда, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт, ал жарылып кетсе, адам кокусунан терең жерге түшүп кетет, бул сүзгөндү жакшы билгендер үчүн да коркунучтуу;

— көпүрөлөрдөн, тосмолордон, кеме токтоочу жайлардан, кайыктан жана катерлерден сууга секирүүгө болбойт.
6
Эгер Сиз кайыкта болсонуз:

— кароосуз калган жана техникалык жактан он болбогон кайыктарды пайдаланбаныз;

— мас абалда кемеге түшүп сейилдебениз;

— сууда сүзүп бара жатып, бир кайыктан экинчи кайыкка олтурбаңыз;

— карангы киргенден кийин сүзүүчү каражаттарды (кайык, катер, катамаран) колдонбонуз
Сууга чөгүп кетүү ыктымалдары
Үшүп калуу, ичиркенүү
Ачык суу айлампаларында 150 градустан төмөнкү температурада сууга түшүүгө тыюу салынат. Анткени ичиркенүүдөн адам кокусунан эсин жоготуп алат жана өлүмгө дуушар кылат.
Ысык уруу
Организмди ысык уруу көп убакытка чейин суу, көл жээктеринде, кайыктын бортунда, катерде күндөн калкаланбай жүрүүнүн натыйжасында болот. Ушундан улам дененин нормалдуу температурасы бузулуп, баш тегеренүү, көңүл айнуу байкалып адамдын жалпы абалы начарлап, тез-тез дем алып температура +40…+41 градуска чейин көтөрүлөт. Мындай абал кээ бир убакта эсин жоготуу менен коштолот.
Сууга түшүудөгү тарамыш түйүлүү, карышуу
Мындай абал сууда түшүп жатканда гана эмес, башка убактарда деле туура эмес, кескин кыймыл жасоолордо байкалат. Тарамыш түйүлүү, карышуу булчундарга күч келүүдө, үшүп калууда же ашыкча эмоцияга алдырганда кармайт. Эгер сууга түшүп жатканда тарамыш түйүлүү кармаса, коркпостон терең дем алып, башты сууга чумкутуп, денени бош таштап, суу үстүндө калкуу керек. Андан соң сүзүүнүн кыймылын өзгөртүп, бутка күч келтирбей кол менен иштөө керек.
Биринчи жардам
-Жабыркаган адамды жээкке жеткиргенден кийин анын абалын баамдаңыз.

-Эгер жабыркаган адам аң-сезими менен болсо, анда аны кургагыча сүртүп, жылуу имаратка киргизип, ысык чай, кофе берүү сунуш кылынат.

-Эгер сууга чөккөн адам бир нече убакыттан кийин чыгарып, ошондой эле деми кысылып (асфиксия), клиникалык өлүм абалында болсо дароо дарыгерди чакыруу керек.

-Убакытты жоготпостон, дарыгер келгенге чейин дароо биринчи жардам көрсөтүүгө киришүү керек.

-Жабырлануучуну чечиндирип, оозу — мурдундагы массаны, кумду тазалап, жаактарынын арасына таякча (жыгачтын бөлүгү же бекем оролгон бет аарчы ж.б.) коюп, өпкөгө жасалма дем алдыруу баштоо керек.

Сууга чөгүп кеткенде көрсөтүлчү жардам
1
-Жабыркаган адамды көмкөрөсүнөн куткаруучунун астына коюп, тез-тез силкүү менен көкүрөгүнөн басышат (10-15 секунд аралыгында) андан кийин аны чалкасынын жаткырышат.

-Эгер, жабыркаган адамдын тиштери карышып калган болсо, оозун ачуу үчүн төмөндөгү ыкмаларды колдонуу керек:

— колдордун жардамы менен, астынкы жаакка колду коюп ачуу;

— санитардык сумкадагы кеңейткичтин, же болбосо кандайдыр бир жалпак катуу нерсени (кашык, таякча ж.б.) жардамы менен.
2
Кээ бир учурда жакка жасалган жигердүү массаж да оозду ачууга өбөлгө болот. Жабыркаган адамдын ооз көңдөйүн жана мурдун тазалап алгандан кийин, карын жана өпкөдөгү сууларды чыгаруу үчүн, жабыркаган адамды көмкөрөсүнөн куткаруучунун астына коюп, аркасынан далысын көздөй күч менен кагуу керек.
Жасалма дем алдырууну убактысынан мурда токтотуп коюу каталыгы да көп кездешет. Жабыркаган адамдын убактылуу дем алуу кыймылдарынын калыбына келиши, анын өпкөсүнүн иштеши толугу менен калыбына келди дегенди түшүндүрбөйт. Ошондундуктан, жабыркаган адамдын сезими жок болот же өпкөсү жабыркайт. Мындай учурда дем алуунун ритми мүнөтүнө 40 жолу согуудан аз болсо, жасалма дем алдырууну улантуу зарыл.

3
Сууга чөккөн адамдын денесинин жылуулугун тез жоготушу, анын температурасынын дээрлик төмөндөшүнө алып келет. Ошондуктан, жабыркаган адамды муздак жерге жаткырбоо керек. Жыгач досканын же жыгач калкандын үстүнө жаткырып, суу болгон кийимдерин чечиндирип, терисин кургактап сүртүп, жылуу шейшеп же жуурканга ороо керек.
Кургактап сүртүүнү улантуу менен бирге ысытуучу каражаттарды да, (уксус, нашатырь спирти) колдонсо болот.
Асфиксия учурунда куткаруучунун кыймыл-аракеттери өзгөчө жигердүү болууга тийиш.
Организмдеги кандын туура эмес айлануусуна шарт түзбөө үчүн, жабыркаган адамды грелка же жылуу бөтөлкө менен жылытууга болбойт.