Азия клубтар аралык чемпионаты: EREM Корея чемпионун утту - Т-медиа

Азия клубтар аралык чемпионаты: EREM Корея чемпионун утту

Футзал боюнча Азиядагы клубтар аралык чемпионатында EREM Корея чемпионун утуп алды.

Ош шаарынан барган команда биринчи беттеште Кытайлык футболчуларга утулуп калышкан эле.

Экинчи оюнда EREM командасы Кореялык Star Fs Seoul  клубун 5:3 эсепте утуп алды. EREM командасынан Максат Алимов 2, Азамат Мендибаев, Манас Абдрасул уулу жана Юлдаш Салимбаев бирден гол киргизишти. Беттештин орунтуу учурларынан сүрөттөр:

Белгилей кетсек EREM футболдук клубу Азия чемпионатына экинчи ирет катышууда. Өткөн жылы да өлкө чемпиондугун утуп Азия чемпионатына катышкан болчу.

Бирок анда тайпалык оюндарда анчейин жолу болбой утулуп калышкан. Быйылкы Азия чемпионат Тайланда өтүп жатат, ага футзал боюнча азиянын эң күчтүү командалары катышууда.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо