Солтон-Сарыда 300 чамалуу эл чогулду, кошумча күч тартылууда - Т-медиа

Солтон-Сарыда 300 чамалуу эл чогулду, кошумча күч тартылууда

Нарын районунун Кара-Чий айылынын тушундагы автожолдун боюнда ушу тапта үч жүздөй адам чогулуп турат. Абалды көзөмөлдөө үчүн Бишкек шаарынан кошумча күч тартылды.

Чогулгандар буга чейин президентке, парламентке жана өкмөткө кайрылуу жибергенин, бирок жооп болбой жатканын айтышты.

Облус башчысы Аманбай Кайыпов сүйлөшүүлөргө ар бир айылдан бештен киши тартууну сунуш кылып, нааразылык акциясына чыккандарга эч ким тийбей турганын кошумчалады.

Нарын районунда жайгашкан Солтон-Сары алтын кенинин Бучук участогун иштетүү укугу 2013-жылы кыргыз-кытай «Zhong Ji Mining Company» ишканасына 20 жылга берилген.

Кытайлык компанияга нааразы болгон 600-700гө чукул жергиликтүү адам анын ишин токтотууну талап кылып 5-августта нааразылык акциясына чыккан.

Ошол күнү чыр тутанып, 47 кытай жараны жана бир жергиликтүү тургун жабыркаган. Ал окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынганы кабарланган. 7-августта өкмөт компаниянын кендеги иши убактылуу токтогонун билдирген.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо