Очогунда 6 балл. Өлкө түштүгүндө жер титиреди - Т-медиа

Очогунда 6 балл. Өлкө түштүгүндө жер титиреди

Кыргызстандын түштүгүндө очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу өлкөнүн сейсмология институту расмий сайтында кабарлады. 

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 12-августта түнкү саат 23:14тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Өзгөн районунун Ничке-Сай, Зергер, Тосой, Кыргызстан, Жийде, Кайрат, Ак-Терек айылдарында 6 балл, Салам-Алик, Ор-Казган, Ара-Көл, Эркин-Тоо, Красный-Маяк, Жылалды, Мырзаке айылдарында жана Өзгөн шаарында 5 балл, Ош шаарында 3 балл, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарында, Сузак, калма-Кырчын айылдарында 4 балл, Жалал-Абад облусунун Масы, Казарман айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо