Ошто мыйзамсыз ташылып келген 300 миң куту тамеки кармалды - Т-медиа

Ошто мыйзамсыз ташылып келген 300 миң куту тамеки кармалды

Ош облусунда мыйзамсыз ташылып келинген 300 миң куту тамеки кармалды. Бул тууралуу мамлекеттик бажы кызматынын маалымат кызматы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, кармалган тамекилер партиясы Т.А.Т аттуу жарандын башкаруусундагы “МЕРСЕДЕС БЕНЦ 310D” үлгүсүндөгү автоунаадан табылган.

Аталган автоунаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан төмөнкү товарлар кармалган:

—         WINSTON X-style Blue 300 000 шт;

—         Үй оокатары;

—         Кездемелер;

Айдоочу ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товардын мыйзамдуулугун тастыктаган бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Кармалган товардын жалпы баасы 1 087500 сомду түзгөн.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, топтолгон матералдар Ош областык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо