
Шашылыш билдирүү: нөшөрлүү жаан жаап, тоолорго кар түшөт
Узакка созулган аптаптуу ысыктан кийин өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, 14-августтан 16-августка чейин Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
«Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 15-августта күндүз жана 16-августта түнкүсүн бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы ыктымал», — деп айтылат маалыматта.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Пикир калтыруу