Футбол: Тажикстанга каршы оюнга Ак Шумкарлардын курамы белгилүү болду (тизме) - Т-медиа

Футбол: Тажикстанга каршы оюнга Ак Шумкарлардын курамы белгилүү болду (тизме)

2022-жылдагы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында кыргыз-тажик курамаларынын беттеши 5-сентябрда Душанбеде болот. Бул беттешке Кыргызстан командасынын курамы жарыяланды.

Бул тууралуу футбол федерациядан маалымат таратышты. Ага ылайык жарыяланган тизмеде Азия кубогунда курамага капитандык кылган Валерий Кичин жазылган эмес. Мындан сырткары Виктор Майер да бул жолку курамда көрсөтүлгөн жок. Андыктан жаңы курам төмөндөгүчө тузүлгөн:

Дарбазачылар:  Калыс Акималиев («Абдыш-Ата»), Кутман Кадырбеков, Валерий Кашуба, Павел Матяш (баары «Дордой»);

Коргоочулар:  Айзар Акматов, Азамат Байматов, Александр Мищенко, Авазбек Откеев, Мустафа Юсупов(баары «Дордой»), Тамирлан Козубаев (ПКНС, Малайзия), Андрей Долженко («Илбирс»);

Жарым коргоочулар:  Муролим Ахмедов, Кайрат Жыргалбек уулу, Фархат Мусабеков, Бекжан Сагынбаев, Азиз Сыдыков (баары «Дордой»), Одилжон Абдурахманов («Алай»), Гулжигит Алыкулов («Неман», Беларуся), Эдгар Бернхардт («Кедах»), Бахтияр Дуйшобеков («Башундара Кингс», Бангладеш), Ахлидин Исраилов , Турсунали Рустамов («Худжанд», Тажикистан), Алимардон Шукуров («Болуспор», Туркия);

Чабуулчулар: Эрнист Батырканов («Дордой»), Абай Боколеев («Илбирс»), Виталий Люкс («Ульм», Германия), Мирлан Мурзаев («Доган Т.Б.», Түндүк Кипр)

Футбол боюнча кыргыз-тажик курамаларынын биринчи беттеши 5-сентябрда Душанбе шаарынын борбордук стадионунда болот. Оюн Бишкек убактысы боюнча 20:00дө башталат. Бул беттешке Ак Шумкарлар 1-сентябрдан тарта Бишкек шаарында окуу машыгуу иштерин баштайт.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо