Ош облусу билим сапаты боюнча акыркы орунда - Т-медиа

Ош облусу билим сапаты боюнча акыркы орунда

Кыргызсанда билим сапаты боюнча Ош облусу акыркы орунда келе жатат. Бул тууралуу облустагы билим берүү кызматкерлеринин август кеңешмесинде Ош билим берүү институтунун жетекчиси Гүлмира Турдубаева айтты.

Анын айтымында, Ош облусу билим сапаты боюнча артта калганына бир канча жүйөлүү себептери бар. Учурда аны жакшыртуу үчүн бардык билим берүү тармагынын жетекчилери жана жергиликтүү бийлик тарабынан иштер жүргүзүлүп жатат.

«Кесипкөй мугалимдердин аздыгы бир себеп. Ошондой эле биздин башка аймактарда райондордо эң мыкты окуган балдар тандалып, Ош шаарына Сапат лицейине келип окуп жатышат. Мыкты окуган балдарыбыздын жеке мектептерге кетип калгандыгы бир себеп. Мындан сырткары биздин жаңы типтеги лицей, гимназия мектептерибиз ошол Сапат лицейлеринин деңгээлине чыкпай жаткандыгы да түрткү»,-деди Гүлмира Турдубаева.

Быйыл өлкө боюнча 52 бүтүрүүчү «алтын сертификат» алган. Анын бирөөсү гана Ош облусуна тиешелүү.

Ош облусунда жалпы 534 билим берүүчү мектептер иш алып барат. Аларда 227 942 окуучу билим алат.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо