Ош: Депутат менен айыл өкмөт башчынын мушташынын себеби эмнеде? - Т-медиа

Ош: Депутат менен айыл өкмөт башчынын мушташынын себеби эмнеде?

Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы Айбек Ормокеев депутатты сабоого шектелүүдө. Учурда анын катыштыгы бар делген окуя боюнча бейбаштык беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жабыркаган жергиликтүү кеңештин депутаты менен апасы ооруканада. Милициянын маалыматы боюнча окуя 29-августта Биринчи май айылында болгон.

Жабырлануучу жергиликтүү кеңештин депутаты Уларбий Байкожоевдин «Т- медиага» билдиришинче анын сабалышына айыл өкмөттөгү коррупциялык иштерге каршы чыгып келгени себеп болгон.

«Мен айылдык депутат болгондуктан анын коррупциялык иштерине каршы чыгып келгендиктен ортобузда келишпестик болуп келет. Алгач ал мага жайлоодон келип жатсам жолдон чыгып калып мылтык такаган. Бизи ошол жердеги адамдар ажыратканда тарап кеткенбиз. Кечки саат жетилер чамасында көчөдө агам менен турсам эки баласы жана тарапташтары менен келип мени сабап үйүмдүн айнектерин талкалап кетишти. Апам урбагыла деп аралаша кеткен экен. Апама да кол көтөрүштү» — дейт жабырлануучу Уларбий Байкожоев. 

Ал кошумчалагандай учурда апасынын башы шишип райондук ооруканадан Ош облустар аралык ооруканага которулган.

Ал эми Ош облустук милициясы бул окуяны «Т-медиага» тастыктап, сотко чейинки өндүрүшкө алынганын билдирди.

Басма сөз катчы Нур-Пери Абдуллаеванын айтымында милицияга маалымат 29-август күнүн кечинде жергиликтүү кеңештин депутаты ооруканага кайрылганда келип түшкөн. 

«Кылмыш жаза кодексинин  266чы «бейбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Экспертизалар дайындалган бирок жыйынтыгы чыга элек. Кылмышка Кара-Кулжа районунун тургуну 1973-жылы төрөлгөн жаран эки уулу менен шектүү деп табылган. Азыркы учурда камака алынган бирок ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылган. 1-сентябрь күнү шектүү уулу үй камагына чыгарылган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат», — деп билдирди Ош ОИИБнын маалымат катчысы Нур-Пери Абдуллаева.

Шектелип жаткан  Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы Айбек Ормокеев менен байланышууга  мүмкүн болгон жок. Милициядан кошумчалашкандай айыл өкмөт башчы да депутаттын үстүнөн каршы арыз жазган.

Иллюстративдүү сүрөт: sputnik.kg

 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо