Өкмөттүн ЖКдагы туруктуу өкүлү дайындалды


Өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары  Алмасбек Абытов, Өкмөттүн Жогорку Кеӊештеги туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Аны депутаттарга төрага Дастанбек Жумабеков тааныштырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Алмасбек Абытов 1966-жылы туулган, жогорку билимдүү, техника илимдеринин кандидаты, мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеӊешчиси.

Өкмөттүн Аппаратына барганга чейин Жогорку Кеӊештин Аппаратында жооптуу кызматтарда иштеген. V чакырылыштагы Жогорку Кеӊештин депутаты болгон.

Эске салсак, Өкмөттүн Жогорку Кеӊештеги мурдагы туруктуу өкүлү Ашырбек Темирбаев ушул жылдын 16-июлунда каза болгон.


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо