Нарын: Контейнерде окуп жаткан балдарга мектеп куруу үчүн соц тармакта каражат чогултула баштады - Т-медиа

Нарын: Контейнерде окуп жаткан балдарга мектеп куруу үчүн соц тармакта каражат чогултула баштады

Нарын облусунун Кеңеш айылындагы Казаалы Абиров атындагы авариялык мектептин ордуна заманбап мектеп куруу үчүн социалдык тармакта каражат чогултула баштады. Бул тууралуу Мырзабек Коңурбаевич аттуу Facebook колдонуучусу  жарыялады.

Мырзабек Коңурбаевич жазган маалыматта, берилип жаткан курулуш материалдары менен демөөрчү болуп жаткандардын тизмесин көрүүгө болот.

Ал эми Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Майрамбек Өмүрбаев айтымында 160 окуучу мектеп авариялык абалга келгенден кийин  көчүрүлгөнүн айтты. Балдар канча убакыт мобилдик үйлөрдө билим алаары белгисиз.

«2015-жылы авариялык абалда деп табылган. Андан кийин оңдоп түзөө иштери жүргүзүлүп, окутуу жүргүзүлүп келген. Бирок быйыл ӨКМ мобилдик үйлөрдү алып келип ошол жакка көчүрүлдү», — деди басма сөз катчы Майрамбек Өмүрбаев.

Ал кошумчалагандай Кеңеш айылындагы мектепти куруу үчүн каражат бөлүнө элек. Качан башталаары белгисиз.

Эске салсак Нарындын Кеңеш айылындагы мектеп окуучулары жаңы окуу жылында мобилдик үйлөргө киргизилген. Ал ачылыш аземи менен коштолуп, район акими, билим берүү башкармалыгын башчысы баштаган аткаминерлер катышкан.

Бирок көп өтпөй окуучуларды жаңы окуу жылын мобилдик үйлөрдө баштаганы социалдык тармактарда талкууга кабылган.

Сүрөт: elgezit.kg

 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар