Кара-Сууда 19 окуучу үч жылдан бери контейнерде билим алууда - Т-медиа

Кара-Сууда 19 окуучу үч жылдан бери контейнерде билим алууда

Кара-Суу районунун Миялы айылындагы мектептин 2-3 классынын окуучулары 2016-жылдан бери контейнерде окуп келет. Анткени айылдагы Садык Маматов атындагы мектеп эскилиги жетип, жараксыз абалга келген. 

Айыл тургундарынын айтымында башталгыч класстын окуучулары үч жыл мурун ӨКМ орноткон контейнерге жайгаштырылган. Жогорку класстагылар болсо 5-6 чакырым алыстыктагы коңшу айылга каттап окушат. Кышында контейнер суук, жайында ысык болуп ыңгайсыздык жаратып келет.

«Биздин айылдан коңшу айылга күн сайын 2-3 гана машина каттайт. Менин мектеп жашындагы 3 балам бар. Жетишип калсак мектепке барабыз болбосо жок. Барбай калган учурлар көп болот», — дейт Назгүл Боролчоева.

«Менин эки неберем бар. Алар жогорку класс окуучулары болгон үчүн шаарда окуп жатышат. Ата-энеси миграцияда мен болсо карыганда аларды карап шаарда жашашыма туура келип жатат. Арадан үч жыл өтсө да жаңы мектеп куруу иштери баштала элек. Айылда мектеп болсо өз үйүбүздө жашагыбыз келет», — деп кошумчалады дагы бир айыл тургуну.

Учурда жалпы төрт контейнерде үч мугалим эмгектенет. Алар жаңы мектеп куруу үчүн буга чейин акча каражаты бөлүнгөнүн угушканын айтышат. Бирок арадан үч жыл өтсө да курулуш баштала элек.

Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Жылдыз Үрүстөмованын «Т медиага» билдиришинче мектеп куруу боюнча токтом чыккан, бирок курулуш качан башталышы белгисиз.

Мындан тышкары Кара-Суу району боюнча авариялык абалдагы дагы 11 мектеп бар. 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо