УКМК: мушташка катышкандарды жашырды деген милиция кызматкерлери кармалды

Бишкек шаарында эки кишини каттуу сабагандарды жашырды деп шектелген Ички иштер министрлигинин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинин (УКМК) маалымат кызматы билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, 6-сентябрында кылмышка шектүү катары Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын  күзөттөгү кайгуул кызматынын экипажы Э. С. менен М. К. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген

28-августта Бишкек шаардындагы Ахунбаев Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» дүкөнүнүн жанында  У. Белеков жана А. Молдожиев аттуу жарандар каттуу сабалган. Ага шектүү катары К. Сеитбеков жана Ж. Бапышов изделип, кечээ 6-сентябрда кармалган.

УКМКнын маалыматы боюнча бул окуядан кийин  Чүй облусунун ШИИБ КМК уюшулган кылмыштуулука каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери К.Бапышов кылмышты өз убагында аныктоого тоскоолдук кылуу максатында жана Бишкек шаардык ШИИБ милициянын күзөттөгү кайгуул кызматынын экипажы К.Бапышов менен биргеликте сүйлөшүп алып аталган кылмышка катышкан адамдардын изин жашырган.

Бул окуя Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренси 2-бөлүгү жана 348-берененин 1-бөлүгү боюча катталган.

Тергөө иштери УКМКнын  Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо