11-сентябрга карата аба ырайы - Т-медиа

11-сентябрга карата аба ырайы

Бүгүн, 11-сентябрь шаршемби күнү Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу өрөөндөрүнө кар түшүшү күтүлөт, өлкөнүн калган аймактарында күн ачык болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +17…+22, Нарында +14…+19, Ысык-Көл жана Талас жергесинде +15…+20, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +19…+24 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, борбордо +19…+21 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто +22…+24 градуска жетет.

 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо