Кара-Сууда 100 окуучу айылдагы бош үйлөрдө окуп жатышат - Т-медиа

Кара-Сууда 100 окуучу айылдагы бош үйлөрдө окуп жатышат

Кара-Суу районунун Маданият айылындагы орто мектептин 100гө жакын окуучусу быйылкы окуу жылын бош калган үйлөрдө башташты. Анткени мектептин эскилиги жетип, авариялык абалга келген.

Мектепке чейинки класстар медициналык пункттун имаратына көчүлөсө, 2-3-4-класстын окуучулары айыл тургундарынын бош турган үйлөрүнө жайгаштырылган.

«Эски мектеп болчу. Жылда оңдоп окуп турат элек. Быйыл такыр болбой калды, ошондуктан үйлөрдө окутканга туура келип жатат», — деди №42 Маданият мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Нуржамал Абдиева.

Ал эми калган 300 окуучу  мектептин эски имаратында үч нөөмөт менен окуп жатышат. 

Үч жыл мурда авариялык абалга кептелген Маданият айылындагы мектептин бир имаратын быйыл ӨКМ тарабынан окутууга жараксыз деп табылган.

Маданият айылы жайгашкан Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы Жылдызбек Тиллебаевдин айтымында мектепти Сауд өнүктүрүү фонду кура турган болгон. 

«Жакын арада тендер жарыяланып, курулуштун качан башталаары белгилүү болот. Үч жылдан бери жаңы мектеп курууга аракет кылып, быйыл башталат деп жатабыз», — дейт айыл өкмөт башчы.

Ош облусунда 51 авариялык абалдагы дагы мектеп бар. Алардын 11и Кара-Суу районунда жайгашкан. Миялы айылындагы башталгыч класстын окуучулары авариялык абалга байланыштуу контейнер мектепте окуп жатышат.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо