Керкидандыктар: бийлик биздин оюбузду сураган жок - Т-медиа

Керкидандыктар: бийлик биздин оюбузду сураган жок

Араван районундагы Керкидан айылынын бир нече тургуну бүгүн, 11-сентябрда чек ара маселеси боюнча облустук администрацияга келишкен. Алар Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов менен жолугуп, айылдагы кыргыз-өзбек чек арасындагы такталбаган жер боюнча сүйлөшүшкөн.

Жыйынга катышкан жергиликтүү тургун Бакытбек Максутовдун айтымында, айыл тургундары суу сактагычты эки өлкө бирдей пайдалануусун талап кылышкан. Бирок жыйында маселе мамлекеттин кызыкчылыгына чечилгени белгилүү болуп, 400 гектар жер алмашылганы айтылган.

«Азыр булар такталган, чечилген деп айтып жатат. 400 гектар жер алмашканы боюнча буга чейин уккан эмеспиз. Азыр мамлекеттин кызыкчылыгына чечилди деп жатат. Бизге Керме-Тоо айыл өкмөтү жактан жер алмаштык дешти. Биздин талап өзүбүздүн жерди көлдүн ордун кайра берсин. Азыр суу сактагычтын жээгин зым менен тосуп жатышыптыр.  Көлдү эки тарап тен бирдей иштетсин деген талап болгон. Бирок талапка жооп бербегендей чечилип калыптыр», —деди Керкидан айылынын тургуну Бакытбек Максутов.

Ал эми Араван районунун акиминин орун басары Тойчубай Сатыбалдиев «Т-Медиага» Өзбекстан өздөрүнүн аймагында курулуш иштерин жүргүзгөнүн билдирип, делимитациясы бүтүп, демаркациясы бүткөнгө чейин токтотуп турсун деген сүйлөшүүлөр болгонун кошумчалады.

10-сентябрда Өзбекстандын аскерлери Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги участокту тосо баштаганы кыргызстандык тургундарды нааразы кылып, ортодогу пикир келишпестикке себепкер болгон. Мунун алдында Араван районунун Төө-Моюн айыл округундагы «Керкидан суу сактагычынын айланасын Өзбекстандын аскерлери тосуп алды» деген видеокабарлар тараган.

Сүрөт: Азаттык

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо