Өкмөт Аравандагы 400 гектар жер Өзбекстан менен алмаштырылганын тастыктады


Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагындагы 400гектар жер Өзбекстан менен алмашылган.

Аталган айылдын Керкидан суу сактагычынын боюндагы жерди, коңшу өлкөнүн Араван районунун Гүлбаар айылы менен чектешкен аймактагы жер тилкеге алмаштыруу боюнча келишилген.

Бул тууралуу маалыматты «Т-Медиага» Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Нуркыз Кадырбек кызы тастыктады.

Маалымат катчынын айтымында, алмаштырылган жерлердин аянты бирдей. 

«Жерлерди алмаштыруу боюнча буга чейин сүйлөшүлгөн. Бирок чек ара жабык турганы үчүн бул маселе айтылган эмес. Бирок 10-сентябрда өзбек тарап курулуш иштерин баштаган. Ага Керкидан айылынын тургундары тактала элек жер тилкеге баштап жатышат деп нааразы болгон. Өкүлчүлүктөн тиешелүү жетекчилер барып түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Өзбекстан менен сүйлөшүлүп демаркациясы иштери бүткөнгө чейин курулуш иштери толук токтотулган», —деди Нуркыз Кадырбек кызы.

10-сентябрда Өзбекстандын аскерлери Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги тилкени тосо баштаган. Ага кыргызстандык тургундарды нааразы болуп ортодогу пикир келишпестик жаралган. Өзбек аскерлери чек арада атайын техникалар менен турганы тартылган видеолор Интернетте тараган.

Чогулган жергиликтүү тургундар менен район акими жолуккан. 

Бирок кечээ 11-сентябарда аталган айылдын бир нече тургундары Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө келишкен. Алар менен облус башчысынын орун басары Байыш Юсупов жолугуп, жерлер мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн алмаштырылганын Өзбекстан тарап Керкидандагы участкага Кыргызстандын Керме-Тоо айыл аймагына чектеш жайгашкан аймактан жер берээрин билдирген.

Өкмөт өкүлү менен болгон жолугушуудан соң айылдыктар, бийлик биздин оюубузду сураган жок, бизге өзүбүз жашаган аймактагы жер керек деп нааразы болушкан. Анткени Өзбекстан бере турган Керме-Тоо айыл өкмөтүнө чектеш жайгашып, Алля Анаров айыл аймагына карап калат деп даттанышкан. 


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо