Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк делегация Араван районуна келди


Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жумушчу тобунун делегациясы Ош облусунун Араван районуна барышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат камсыздоо кызматы кабарлады.

Өкмөткө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Каныбек Ботобаев, чек ара маселелери боюнча Өкмөттүн атайын өкүлүнүн милдетин аткаруучу Чыңгыз Мамат уулу, Мамлекеттик картографиялык жана геодезиялык кызматтын директорунун орун басары Абдималик Мурзаев жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте Төө-Моюн айыл аймагындагы элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

10-сентябрда Өзбекстандын аскерлери Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги тилкени тосо баштаган. Ага кыргызстандык тургундарды нааразы болуп ортодогу пикир келишпестик жаралган. Өзбек аскерлери чек арада атайын техникалар менен турганы тартылган видеолор Интернетте тараган.

Чогулган жергиликтүү тургундар менен район акими жолуккан.

Бирок кечээ 11-сентябарда аталган айылдын бир нече тургундары Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө келишкен. Алар менен облус башчысынын орун басары Байыш Юсупов жолугуп, жерлер мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн алмаштырылганын Өзбекстан тарап Керкидандагы участкага Кыргызстандын Керме-Тоо айыл аймагына чектеш жайгашкан аймактан жер берээрин билдирген.

Муну жергиликтүү бийлик тастыктап, аталган тилке коңшу өлкөнүн башка аймагы менен алмаштырылганын, делимитациясы бүтүп, демаркациясы бүтө электигин айтып, Өзбекстан тарап сүйлөшүүлөр толук бүткөнгө чейин курулуш иштери жүргүзбөйт деп ишендирген.

 


Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо