Өзгөн: эки мектептин окуучуларынын өмүрү коркунучта - Т-медиа

Өзгөн: эки мектептин окуучуларынын өмүрү коркунучта

Өзгөндөгү эки мектептин окуучуларынын өмүрү коркунучта. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева жалпы жыйында билдирди.

Вице-спикердин айтымында Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылынын Кара-Тарык айылындагы №95 Т. Жоробеков жана Үч-Капчал айылындагы №51 Т. Оморкулов атындагы орто мектептерин элдер ашар жолу менен 90-жылдары курушкан. Пайдубалы ылай аралашкан таш менен тургузулуп, дубалы ылай менен курулган.

“2015-жылдын 17-ноябрында катталган каттуу жер титирөөнүн кесепетинен мектептердин имараттарынан жаракалар пайда болуп, кооптуу болуп калган. Жалпак-Таш айылы шарты катаал тоолуу аймак. Кышындасы жаракаларынан кирген шамалдан балдар бир күн окуп, үч күн ооруп калышууда. Учурда жаракаларынан дубалдары көчүп, урап жатат. Балдардын коопсуздугуна такыр жооп бербеген мектептин имаратынын курулушун тез арада баштабасак эртең кеч болуп калбасын”, — деди Аида Касымалиева.

Акыркы үч жылдан бери Өкмөт башчы барып кабар алганы менен жыйынтык чыкпай келе жаткандыгын кошумчалап, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана башка тиешелүү кызматтардын мектепте билим алууга кооптуу деген чечими бар экендигин билдирди.

Мындан сырткары, бюджетте акча жок болсо, аталган айылда таш кенин иштеткен ишканалардын демөөрчүлүгү менен курса болоорун кошумчалады.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо