Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиону болду. Видео - Т-медиа

Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпиону болду. Видео

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө чемпионатында Болгариялык Тайбе Мустафа Юсеинди жеңип, дүйнө чемпиону болду. 

Балбан 19-сентябрда кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 62 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, төрт беттеште жеткен.

Жарым финалда беттеште Айсулуу Тыныбекова түндүк кореялык Жоң Сим Римди 7:0 эсебинде жеңип алды.

Дүйнө чемпионаты 2020-жылы Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарына жолдомо бере турчу мелдеш болуп эсептелинет. Азырынча Тыныбековадан тышкары лицензияны грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбеков ала алды.

Айсулуу Тыныбекова финал.

Опубликовано Замир Айылчиев Пятница, 20 сентября 2019 г.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо