Бир класста 50 окуучу. Оштогу Ломоносов мектеби 2 жылдан бери бүтпөй жатат - Т-медиа

Бир класста 50 окуучу. Оштогу Ломоносов мектеби 2 жылдан бери бүтпөй жатат

Ош шаарындагы  М. Ломоносов атындагы мектептин кошумча имаратынын курулушу үч жылдан бери бүтпөй турат. Ажатканасы да авариялык абалда.

Мектептин кошумча имаратынын курулушу 2-жыл мурун  80 пайыз бүткөн. Ошол кездеги калаа башчысы Айтмамат Кадырбаев 2017-жылдын 20-январында мектептин имаратын толук бүтүрүүнү тапшырган. Бирок каражат бөлүнбөгөндүктөн азырга чпейин бүтпөй турат. 

Мектептин директору Гулмира Осекова “Т-Медияага” билдиргендей, мектепти өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11 жыл мурда эле авариялык деп тапкан. Мектептин имараты 275 окуучуга ылайыкташып салынган. Бирок окуучулардын саны өсүп  бир класста 40-50 окуучу окугандыктан мектепке кошумча 500 орундуу имарат куруу колго алынган. 

«Кээ бир предметтер окутулбай жатат. Гимназия болгонубуз менен ийримдер өтүлбөй жатат. Анткени бизде такыр каана жок. Баардык кызматкерлер бир каанада отурушат. Биздин эң негизги көйгөйүбүз бир жылга убактылуу ажаткана курулган. Азыр мына үч жыл болду. Мен эң коркконум балдардын коопсуздугу, ушул ажаткананын абалы кандай болот. Санепстанцияга, Мэрияга кайрылдык. Эрте менен чоң класстарды ажатканага барбагыла деген тарбиялык иштен баштап жатабыз», — деди Гулмира Осекова

Мектептин авариялык абалдагы ажатканасы.

Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Шумкарбек Пайзиевдин айтымында, республикалык бюджетте акча тартыш болгондугуна байланыштуу мектептин имаратына акча бөлүнбөй жатат. Маселе качан чечилээри белгисиз. 

«Биздин башкармалык республикалык бюджеттен, өкмөттөн кат аркылуу каражат сураганбыз. Бирок каржы маселеси чечилген жок. Ошондуктан курулушу жылбай токтоп турат. Кечээ эле биздин жетекчилер каржы министрлигине барып келди.  Тогуз айдын жыйынтыгы менен каражат болуп калса быйыл болбосо да кийинки жыл бүтүп калат», — деди  Шумкарбек Пайзиевдин 

Учурда мектептин курулушуна 15 миллион сом акча каражаты жетпей турат. Буга чейин 32 миллилон сом каражат сарпталган. 

Ош шаарында 3 авариялык абалдагы мектеп бар. Ал эми облус боюнча авариялык мектептердин саны 51ди түзөт.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо