Ошто кырсыктардын алдын алуу иш чарасы өтүүдө - Т-медиа

Ошто кырсыктардын алдын алуу иш чарасы өтүүдө

Ош облусунун Араван районунда кырсыктардын алдын алууга арналган иш-чара өтүп жатат. Ага райондогу мекеме, ишкана кызматкерлери, мектеп мугалимдери, окучулар катышууда.

Иш чарада кырсык болгон учурда жабырлануучуларды куткаруу, аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүү ыкмалары үйрөтүлдү.

Мындан тышкары өрт өчүрүүчү, атайын жана авариялык-куткаруучу унаалардын коштоосунда кырсыктардын алдын алууга арналган жөө жүрүш жасалды.

Максаты табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдардан коргонуу  эрежелерин калк арасында кеңири жайылтуу, кырсыктардын тобокелин азайтуу, коомчулукка өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепетин жоюу багытындагы иш-аракеттерди кеңири жайылтуу болуп саналат. 

Эске салсак, ӨКМдин буйругунун негизинде, 5-октябрга чейин өлкөнүн бардык облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында кырсыктарды азайтуу боюнча республикалык деңгээлде бир айлык иш-чаралар өткөрүлөт.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо