Дүйнөлүк банк Ош менен Бишкек шаарларына 20 мектеп курат - Т-медиа

Дүйнөлүк банк Ош менен Бишкек шаарларына 20 мектеп курат

Дүйнөлүк банк мамлекеттик жеке өнөктөштүк мыйзамынын негизинде Бишкек жана Ош шаарларында 20 мектеп курууну пландап жатат. Бул тууралуу “Т-Медиага”  Жогорку Кеңештин депутаты Абдувахаб Нурбаев билдирди. 

Депутаттын айтымында, Бишкек шаарынан 8 мектепке жер тилкеси ал эми Ош шаарынан 12 мектепке жер тилкеси бөлүнүп берилген.

Жакында дүйнөлүк банктын эксперттери Бишкек жана Ош шаарларына барып жер тилкелерин, ал жерде жайгашкан элдин санын көрүп ошого жараша  канча орундуу мектеп куруларын аныктайт. Бул долбоордун ишке ашуусуна эксперттер октябрь айында барат деп айтышкан”, — деди Абыдвахаб Нурбаев.

Мамлекеттик жеке өнөктөштүк мыйзамынын негизинде дүйнөлүк банк инвестор табат, ал инвестор өзүнүн акчасына 20 мектеп курат, мамлекет ал акчаны 15 жылда бөлүп кайтарып берет.

Эскерте кетсек, Ош шаарында 3 авариялык абалдагы мектеп бар. Ал эми облус боюнча авариялык мектептердин саны 51ди түзөт.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо