Баткен: кыргыз-тажик арасындагы айылдарда эки мектептин курулушу башталды - Т-медиа

Баткен: кыргыз-тажик арасындагы айылдарда эки мектептин курулушу башталды

Баткендин Тажикстан менен чектешкен Орто-Боз жана Үч-Дөбө айылдарына типтүү мектептердин курулушу башталды.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлагандай, Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы мектеп 225 орунга ылайыкташып, 35 млн сом каражат бөлүнгөн. Ал эми Орто-Боз айылындагы мектеп 150 орунга ылайыкташкан. Ага 45 млн сом каралган. Эки мектеп тең 2020-жылдын сентябрь айына пайдаланууга берилет.

Орто-Боз айылындагы орто мектеби 1938-жылы ашар жолу менен курулуп, учурда авариялык абалда болчу. Ал эми Үч-Дөбө айылында башталгыч класстар үчүн гана мектеп иштеп, жогорку классттын окуучулары кошуна айылдарга каттап окуп келишет.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо