Ошто соц тармактардагы жалган маалыматтар менен күрөшүү жолдору талкууланууда

Бүгүн 4-октябрда Ош шаарында Маданият маалымат жана туризм министрлиги менен  эл аралык уюмдар биргеликте жалган маалыматтарды болтурбоо жана калктын медиа сабатттуулугун арттыруу маселелерин талкуулап жатышат.

Бул туууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Иш-чарага аталган министрликтин, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, укук коргоо органдарынын, ММКлардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Жыйында учурда өлкөдө фейк маалыматтардын тарашы күч алганы айтылып, алдын алуу жолдору талкуланды.  Жыйынтыгында өлкө боюнча жашоочулардын медиа сабаттуулугу менен критикалык ой жүгүртүүсүн жогорулатуу керектиги айтылып, социалдык тармактарда жалган маалыматтардын таралышына каршы биргеликте күрөшүү боюнча ири маалыматтык компанияларды өткөрүү пландалды.

 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо