ИИМ: Атамбаевдин мурдагы жансакчысы милицияга автоунаа белек кылган эмес - Т-медиа

ИИМ: Атамбаевдин мурдагы жансакчысы милицияга автоунаа белек кылган эмес

Ички иштер министрлиги Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиев Баткен облусунун ички иштер кызматкерлерине эки «джип» үлгүсүндөгү автоунааны белек кылды деген маалымат боюнча түшүндүрмө берди. 

Милициянын маалыматына караганда, социалдык тармакта тараган маалымат чындыкка дал келбейт.

Ошондой эле 7-октябрь күнү саат 18:00дөр чамасында Баткендин Кадамжай районунда милиция кызматкерлери Эркин Мамбеталиевге тиешелүү болгон «CHEVROLET-SUBURBAN» үлгүсүндөгү мамлекеттик номери 09KS822AAI, 09KS820AAI болгон эки автоунаа токтотулган.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы автоунаалар текшерилип жатат.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо