Мамлекетке 4 млн сомго жакын чыгаша келтирген жаран кармалды - Т-медиа

Мамлекетке 4 млн сомго жакын чыгаша келтирген жаран кармалды

Москвада ири өлчөмдөгү каржы алдамчылыгы боюнча 8 жылдан бери издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. 

Маалыматка ылайык, кармалган жаран 2011-жылы ЖЧКнын биринде жетекчи болуп турган учурда,  580 000 сом өлчөмүндөгү насыяны өзүнө каттатып, андан соң күрөөгө коюлган мүлк үчүн калган насыянын суммасын төлөбөй, 2 188 000 сомду ээлеп алып изин жашырып кеткен.

Ошондой эле ал 2012-жылы ЖЧКнын директору кезинде салыкты төлөөдөн качып, мамлекеттик бюджетке жалпы суммасы 1 766 000 суммасындагы чыгаша келтирген.

Ал экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан кызмат адамдарынын салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу акыларын төлөөбөй кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.

Кармалган жаран 40 жаштагы Талас облусунун тургуну болгон.  Учурда аны  кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргызстанга алып келүү пландалууда.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо