Ош мэриясы өз менчигиндеги жерлерди текшерип чыгат - Т-медиа

Ош мэриясы өз менчигиндеги жерлерди текшерип чыгат

TMG телеканалынын иликтөөсүнөн кийин Ош мэриясы июнь окуясынан кийин карамагына өткөн 34 объектин пайдаланылышын текшерүү боюнча атайын комиссия түздү. 

Биздин теле топ 2010-жылдагы коогалаңдан кийин мэриянын карамагына өткөн 34 объекти жеке жарандар пайдаланып жүргөнүн иликтеп чыккан. Эми ал жерлерди мэриянын алдында түзүлгөн комиссия текшерип чыгат.

Аталган комиссияны вице-мэр Жасур Азимов жетектейт. Анын билдиришинче, түзүлгөн комиссия 9 жыл убакыт өтсө да иштетилбей же ижарага берилбей турган бош жерди эмне кылышты ойлонот.

«Азыр Амир-Тимур кичи шаарчасында үч төрт ушундай мэриянын жери бар. Ага элдер мыйзамсыз кирип алган. Биз аларды милиция органдары менен аларды чыгарабыз. Баякы айтылып жаткан мэрия да иштеген кишилер, ошол жерлерди мыйзамсыз бирөөлөргө сатып, ижарага бергендиги боюнча азырынча далил жок. Бирок биз бул комисиянын алкагында иликтейбиз. Эгер чыга турган болсо чара көрөбүз»,-деди Жасур Азимов.

Вице-мэр кошумчалагандай, түзүлгөн комиссия шаардагы мамлекетке өткөрүлгөн 34 жер тилкесин, кезекте турган 19 миң адамга бериши же ижарага бериши мүмкүн.

Июнь коогалаңындан жабыркаган жарандарга берилген көп кабаттуу үй жана алардын мамлекетке кайтарган 34 жер тилкеси боюнча кененирээк «Т-Медиа» жүргүзгөн журналисттик иликтөөнү төмөнкү шилтемеден көрө аласыздар.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо