Социалдык өнүктүрүү министрлигинин айрым ыйгарым укуктары жергиликтүү бийликке өткөрүлөт - Т-медиа

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин айрым ыйгарым укуктары жергиликтүү бийликке өткөрүлөт

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бир катар ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилет. Бул боюнча вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова өкмөттүн жыйынында билдирди. 

Өкмөттүн буга чейин кабыл алган токтомуна ылайык, оор жагдайда жашаган үй-бүлөлөрдү жана балдарды аныктоо, балдардын муктаждыктарына баа берүү, аларды социалдык жактан колдоо боюнча ыйгарым укуктары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилет.

Ар бир балага кызмат көрсөтүүдө муктаждыкка берилген баанын негизинде,  оор жагдайдагы балдарды аныктоо учурунда маалыматтар базага киргизилет. Тийиштүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери көрө тургандай белги дароо пайда болот, андан кийин ыкчам чаралар кабыл алынат.

Жыйында учурда 450 социалдык кызматкер менен келишим түзүүгө кол коюу баскычына келгени айтылды.

«Муну менен бирге бул кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатат. Кеп балдардын тагдыры тууралуу болуп жаткандыгын эске алуу менен кабыл алынган чечимди ишке ашыруу боюнча иштерди активдештирүү зарыл. Жергиликтүү бийлик органдары Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин айрым ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү маселесин ыкчам тартипте карап чыгып, тиешелүү келишимдерди түзүүгө тийиш. Социалдык кызматкерлер оор жашоо шартында калган балдарды аныктоо иштерин башташы үчүн бардык маселелерди тез арада чечүү керек», – деди Алтынай Өмүрбекова.

Өмүрбекова кошумчалагандай, бул өтө түйшүктүү иш жана Ички иштер министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана башка тийиштүү органдар тарабынан биргелешкен аракеттерди талап кылат.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо