Жер титирөө коркунучу күч аймактарда алты мектеп курулат - Т-медиа

Жер титирөө коркунучу күч аймактарда алты мектеп курулат

Кыргызстанда жер титирөө коркунучу жогору 12 райондо жаңы алты мектеп курулуп, төртөө оңдолот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. 

Маалыматка караганда, 2016-жылы Бүткүл дүйнөлүк банк “Кыргыз Республикасынын сейсмикалык коркунучту баалоо” долбоорун жүргүзүп, анын алкагында Фергана, Ысык-Ата сыныктарында жайгашкан жана 7,3-7,5 балл болгон жер титирөөдө эң көп курман болууларды жана бузулууларды алып келе турган 12 район аныкталган.

Дүйнөлүк Банк тарабынан эл аралык илимий методдор колдонулуп, 12 райондогу 300 мектептин имараттары изилденип, 10 мектеп тандалып алынган.

6 критерийге басым коюлган:

Мамлекеттик мектептер;

Шаар жеринде жайгашкан мектептеги окуучулардын саны 500 дөн кем эмес, айыл жеринде мектептеги

Окуучулардын саны 100 дөн кем болбоосу;

Мектеп 70%дан ашык толук болуусу;

1970-жылдан кийин курулган имараттар;

Имарат 70%дан кем эмес инженердик талаптарга жооп берүүсү зарыл;

Мектептер сейсмикалык коркунучу бар 12 райондо жайгашуусу.

Долбоордун негизинде сейсмикалык туруктуу, энергоүнөмдүү, санитардык жана гигиеналык талаптарды эске алуу менен жаңы алты мектеп салынып, дагы төртөө реконструкциядан өтөт. Учурда техникалык-экономикалык жана долбоордун сметалык негиздемесин даярдоо үчүн консультациялык кызматтарга тендер жарыялоо жумуштары аткарылып жатат.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо