Кылмыш чөйрөсүндө «Казак» каймана аты менен таанылган жаран кармалды - Т-медиа

Кылмыш чөйрөсүндө «Казак» каймана аты менен таанылган жаран кармалды

Кечээ, 10-октябрда Ошто кылмыш чөйрөсүндө «Казак» каймана аты менен таанылган жаран кармалды. 

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлагандай, кылмышка шектүү 38 жаштагы жаран 9-октябрь күнү Ош шаарынын «Sky bar » түнкү эс алуу борборунда 23 жаштагы тургун менен сөз талаша кетип, миздүү нерсе менен желкесине жана оң каруусуна сайып, изин жашырып кеткен.

Кармалган жаран сурак учурунда өзүн жаман сезгендиктен Ош шаарындагы ооруканалардын бирине жаткырылды. Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү кайтарууга алынган.

Кармалган жаран Өзгөн районунда туулган. Мурда бир нече жолу соттолгон. Милиция кармалган жарандан жабыр тарткандарды 03222-2-46-78 номери аркылуу кайрылууну суранат.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо