Инстаграмдагы миллионер ырчылар: кимдин катталуучусу канчалык реалдуу экени аныкталды - Т-медиа

Инстаграмдагы миллионер ырчылар: кимдин катталуучусу канчалык реалдуу экени аныкталды

Кыргызстанда инстаграм тармагында  миллионер болгон 20га жакын ырчылар бар. Алардын сап башында Самара Каримова, Нурлан Насип жана Мирбек Атабеков турат.

Биз алардын катталуучуларынын канча пайызы жандуу экенинин текшерип көрдүк.

Алгач эле жаштардын колдоосуна ээ болуп келе жаткан Мирбек Атабековдун баракчасына көз чаптырдык. Аталган баракчанын 1,1 млн катталуучуларынын арасынан 77% гана реалдуу адамдар. 

Мындан сырктары  көпчүлүк бөлүгүн 18ден 34 жашка чейинки улан-кыздар түзөт.

Мирбек Атабековдун Инстаграм баракчасынын көрсөткүчү. Hypeauditor.com cайтынан текшерилген.

Ошондой эле 1,5 млн катталуучу топтогон Нурлан Насиптин баракчасы да сизге кызыктуу болуп жаткандыр? Hypeauditor.com сайты баарын ачык көрсөтүп берди. Өзүнүздөр көргөндөй Нурландын 83% катталуучусу жандуу экенин көрүүгө болот. Анын арасынан 75%ын кыз-келиндер түзөт.

 

Hypeauditor.com сайтынан текшерилди

Ал эми Инстаграм катталуучулары боюнча эч кимди алдыга салбаган — Самара Каримова. Ырчы айымдын катталуучулары 1,7 млнду түзүп, алардын 85%ы жандуу. Төмөнкү графикте Самара Каримованын көпчүлүк күйөрмандары 44 жашка чейин экенин көрүүгө болот. Басымдуу бөлүгүн айымдар түзгөн.

Инстаграм социалдык тармагынан кийин эле ырчылар жаңы чыккан чыгармаларын өздөрүнүн угармандарына тез жеткирүү жана талкууга салуу үчүн Ютуб каналын эффективдүү деп эсептешет. Дээрлик баардык ырчылардын чыгармаларын Ютуб каналдарынан табууга болот. Жогорудагы Топ 3 ырчыларыбыздын өздөрүнүн расмий каналдарынан «көп көрүлгөн»  үчтөн ырларын карап көрдүк.

1)  Мирбек Атабеков – “Мурас”, “Жыргалымсың”, “Бир өзүң”.

2)  Нурлан Насип – “Мадам”, “Жүрөк ээси”, “Алдайсың”.

3)  Самара Каримова – “Кетса кетар”, “Мен дүйнөнү апам менен тааныгам”, “Ак шоола”.

Бул ырларды элдин жакшы кабыл алуусунун себебтерин издөөгө аракет жасадык.   

 

Loading...

Loading…

Авторлору: Самара Абдыкеримова, Таалайбек уулу Бекболу, Каныбек уулу Нургелди

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо