Тибет түлкүсүнүн суурга болгон чабуулу - жылдын мыкты сүрөтү аталды - Т-медиа

Тибет түлкүсүнүн суурга болгон чабуулу — жылдын мыкты сүрөтү аталды

Кытай фото сүрөтчүсү  Юнцин Бао сүт эмүүчүлөрдүн кызыктуу мимикасын сүрөткө тартып алды. Ал эмгеги Лондондо өтүүчү конкурста мыкты деп табылды.

Лондондогу табият таану тарыхый музейи ар жылы — «Wildlife Photographer of the  year » ( Жапайы жаратылышынын мыкты сүрөтү) аттуу конкурс жарыялайт.

Бул жылы өткөргөн  53-көргөзмөсүнүн  жеңүүчүсү болуп Юнцин Баонун тандалып,  анын «The Momment» ( Учур) аттуу сүрөтү тандалды.

Кадрда тибет түлкү менен чочуган гималай суурунун чабуулга чейинки учуру тартылган.

Сүрөтчүнүн айтымы боюнча, кышкы уйкудан турган ач суур сыртка чыгат. Түлкүнү көргөн соң , жанындагыларга эскерткен белги берет. Жырткыч көрмөксөн болуп, бирок кайрадан олжосуна карай бет алат. Ошол учурду  сүрөтчү чагылдырууга үлгүргөн. Тилеке каршы түлкү олжосун колдон чыгарган жок. Бул — табият мыйзамы.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо