Жээнбеков: жер-жерлерде кичи жана орто ишкерликти колдоо керек - Т-медиа

Жээнбеков: жер-жерлерде кичи жана орто ишкерликти колдоо керек

Бүгүн, 17-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков  Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кара-Тектир айылындагы «Аселим» тигүүчү цехи менен таанышты.

Президент аймактык өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын башкы багыттарынын бири жер-жерлерде кичи жана орто ишкерликти колдоо болуп саналарын айтты. Аймактардагы ишкердик демилгелерге бардык жагынан жардам көрсөтүүнүн билдирди.

Ал ишканалардын санынын көбөйүшү өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө жана жаңы иш орундарын түзүү аркылуу ички миграцияны азайтууга өбөлгө түзөрүн айтты.

Учурда «Аселим» тигүүчү цехинде 90 адам иштеп, өндүрүлгөн продукция Орусияга экспорттолот. 

Өндүрүш линиясын кеңейтүү, жаңы объектини куруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жер тилкесин бөлүп беришти, ошондой эле жеңилдетилген насыяны бөлүп берүү мүмкүнчүлүгү каралууда.

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо