Эс алуу күндөрүн кайда өткөрөсүз? Тизме сунуштайбыз - Т-медиа

Эс алуу күндөрүн кайда өткөрөсүз? Тизме сунуштайбыз

Эс алуу күндөрүн баары чыдамсыздык менен күтүшөт. Себеби бул күндөрү биз өз убактыбызды жана көңүлүбүздү шашылыш эмес, чынында эле керек болгон нерселерге бөлөбүз…

Дүйшөмбүдөн жумага чейин, таң эртеден кечке — бул шашылыш жана түйшүктүү күндөр. Ал эми эс алуу күндөрү жакындарыбыз жана үй тиричилиги менен болуп, жумуштагы ызы-чууну, көйгөйлөрдү унутканга аракет кылабыз. Ишемби, жекшемби күндөрү Ошто болсоңуз төмөнкү тизме менен таанышыңыз.

19-20 октябрь күндөрүнө карата кызыктуу кинолор:

Жамгырдан кийин — 10:30 — 23:30 Нур кинотеатры. Баасы 110 -140 сомго чейин

Джокер — 10:10 — 23:20 Нур жана Семетей кинотеатрларында. Баасы 150- 260 сомго чейин.

Песнь Дьявола 17:45 — Нур. 23:55 — Семетей кинотеатры. Баасы 220 сом.

 Концерт , тренинг жана башка иш чаралар:

19- октябрь күнү саат 13:00 дө Алымбек Датка этно комплексинде “ Мээримдүү тыйын “ кайрымдуулук концерти өтөт.

Ошондой эле бул күнү cаат 16:00 дө “Бизнес-рентген “ аттуу акысыз тренинг өтөт. 

Дареги : ololo haus osh . 

Эс алуучу жайлар : 

Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багына барып сейилдеп келсеңиз болот. 

Парк реконструкциядан соң  мурдагыдан кооз жана жарык боло түшкөн.

Ошондой эле Навои паркындагы аттракциондорго барып түшсөңүз болот.

Эгерде сиз оюн-зооктуу жакшы көрсөңүз , анда Harley Club жана Skybar клубтарына барып, көңүл ачып келиңиз.

 

 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо