Кара-Суудагы "Россия" май куюуучу жайы унааларга суу куюп жатабы? Видео - Т-медиа

Кара-Суудагы «Россия» май куюуучу жайы унааларга суу куюп жатабы? Видео

Кара-Суу районунун Кең-Сай айылынан чыга беришинде жайгашкан «Россия» май куюуучу жайы унааларга бензиндин ордуна суу куюп жатат делген видеону «Т-Медиага» айдоочулар жиберишти.

Бир мүнөткө жакын тартылган видеодон 10го жакын унаанын оңдоочу жайда токтоп турганын көрүүгө болот. Анда болжолдуу айдоочу делген адам  «Россия» май куюуучу жайы унааларга бензиндин ордуна суу куюп баары бузулуп авто унаа оңдоочу жайлар кезекке толгонун айтат. Мындан сырткары Кыргызстанда эмнеге мыйзам иштебейт деп нааразычылыктарын билдиришкен.

Ал эми экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспексиянын Кара-Суу райондук башармалыгы бул боюнча кабары жок экенин билдирип, тактоо иштери жүргүзүлөөрүн кошумчалады.

«Россия» май куюуучу жайынын жетекчиси  Алишер Козуев муну четке кагат. Анын айтымында бензин менен суунун аралашышы мүмкүн эмес.

«Бир эки адам барып ошентип тартып чыгарып салышыптыр. Суу эч качан аралашпайт. Биз азыр ал тарткан адамды таптык», — дейт Алишер Козуев. 

Автор жөнүндө

Тектеш материалдар

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо